Жаңылыктар жана окуялар

24.04.2024

2024-жылдын 18-апрелинде Адам университетинин “Экономика, менеджмент жана туризм” программасынын студенттери республикалык ЖОЖдор аралык олимпиадасына катышты.

2024-жылдын 18-апрелинде Адам университетинин“Экономика, менеджмент жана туризм” программасынын студенттери Абыкеева Мээрим Абдылдабековнанын жетекчилиги менен  И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 70 жылдыгына арналган республикалык ЖОЖдор аралык студенттер олимпиадасына катышты.
Олимпиадага 15 университеттердин студенттери катышты.
Студенттерибиздин жетишкендиктерине чоң кубанычтабыз !
Жеке мелдеш:
Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит боюнча  - I даражадагы диплом Э-2-20 группасынынн студенти Олмезова Ларисага берилди.
Финансы жана салыктар боюнча -  I даражадагы диплом Э-1-20 группасынынн студенти Жунусова Айганышка  берилди.
Командалык турнир:
Биздин студенттер 2- орунга ээ болушту.
Жетишилген натыйжалар биздин  студенттердиин  жогорку деңгээлдеги даярдыгын
тастыктайт.