Жаңылыктар жана окуялар

25.04.2024

20-21-апрель аралыгында Адам университетинин студенттери текстиль жана мода тармагындагы TEXPO экинчи ири эл аралык көргөзмө -  форумуна активдүү катышты

Бул форум Россия, Германия, Италия, Улуу Британия, Беларусь, Түркия, АКШ, Татарстан,
Кыргызстан, Казакстан жана башка өлкөлөрдүн алдыңкы өндүрүүчүлөрүн, дистрибьюторлорун, импорттоочуларын жана экспорттоочуларын, сатуучуларын  жана сатып алуучуларын бириктирди.
Адам университетинин студенттери тармактык эксперттер менен тажрыйба алмашууга жана текстиль жана модадагы учурдагы тенденциялар жөнүндө билимдерин кеңейтүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты.
Ошондой эле алар өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн жана долбоорлорун көрсөтүп, потенциалдуу иш берүүчүлөрдүн көңүлүн буруп, бул тармакта карьерасын андан ары өнүктүрүү үчүн баалуу байланыштарды түзө алышты.