28.03.2025
"Окутуучу студенттердин көзү менен" дипломдук долбоору - Адам университетинде анонимдүү сурамжылоо өткөрүү
Дипломдук долбоорлордун алкагында “Маалыматтык системалар жана технологиялар” программасынын студенттери мугалимдер тууралуу пикирлерди чогултуу үчүн анонимдүү сурамжылоо системасын иштеп чыгууда. Долбоор университеттин өтүнүчү менен ишке ашырылып, окуу процессин жакшыртууга багытталган.
Системанын максаты:
Аналитиканы чогултуп, окутуучулар, кафедралар жана факультеттер үчүн отчетторду түзүү;
Анкеталарды толтурууда студенттердин анонимдүүлүгүн камсыз кылуу;
Кайталанма сурамжылоону өткөрүүгө жол бербөө;
Объективдүүлүктү камсыз кылуу – студент өзү чындап билген гана окутуучуга баа бере алат;
Функционалдык мүмкүнчүлүктөр:
Жеке маалыматтарды сактабастан университеттин порталы аркылуу студенттерди идентификациялоо;
Баалоо үчү нокутуучулардын тизмесин автоматтык түрдө түзүү;
Маалыматтын коопсуздугу – анкеталар шифрленген жана студенттин идентификаторлору жок иштетилет
Аналитика: Жыйынтыктоо таблицасы, диаграммалар, аномалдуу бааларды аныктоо.
Студенттерге бул эмнеге керек ?
Бул дипломдук долбоор университет үчүн маанилүү тапшырманы гана чечпестен, иштеп чыгуучулардын профессионалдык портфелинин бир бөлүгү болуп калат, бул аларга жумушка орношууда атаандаштык артыкчылыкка ээ болот.
Студенттерге Адам университетинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусун каалайбыз!
