Жаңылыктар жана окуялар

18.04.2025

Жаштар арасында кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүү

Гуманитардык дисциплиналар департаментинин   жаштар арасында кесипке багыт берүү боюнча иш планына ылайык Бишкек шаарынын жана Чуй областынын орто мектептеринде 2025 -жылдын апрель айында   кесипке багыт  берүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, иш-чаралардын алкагында төмөнкү жалпы билим берүү мекемелеринде кесипке багыт берүү иштери уюштурулду:

  • М. Мурсабаева атындагы №4 мектеп-гимназиясы (Кант ш),
  • К. Рыскулова атындагы №2 орто мектеби ( Кант ш),
  • Г. Капарова атындагы орто мектеп ( Новое айылы, Сокулук району),
  • № 73  орто мектеби ( Бишкек ш),
  • № 84 орто мектеби  ( Бишкек ш)
  • № 50  орто мектеби (г. Бишкек ш)
  • № 45  орто мектеби (г. Бишкек ш)
  • № 1 ФСШЛ (Бишкек  ш)

  11-класстын окуучулары менен болгон жолугушууда «Туура тандалган кесип — азыркы турмуштун талабы!» деген темада талкуу болду.
 “Дарылоо иши”адистигинин, “Маалыматтык системалар жана технологияр”
жана “Бизнести башкаруу” багыттарынын  студенттери Адам университетин заманбап билим берүү мекемеси катары көрсөтүү менен окуу жайдын программалары, адистиктери жана жетишкендиктери тууралуу  даярдаган мазмундуу жана кызыктуу презентациялары тартуулашты.
Кесиптик багыт берүү ишинин максаты студенттерге кесип тандоосуна жардам берүү болуп саналат. Жолугушуу учурунда окуучулар студенттердин мобилдүүлүгү, университеттеги студенттик жашоо, билим алуу  мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары  тууралуу суроолорду беришти.