04.04.2025
Адам университетинин бардык студенттеринин көңүлүнө!
Бизде сиз үчүн сонун жаңылык бар! Эгерде сиз бир семестрди күнөстүү Испанияда өткөрүп, европалык билим алууну кыялдансаңыз, сизде ERASMUS+ KA1 стипендиялык программасына тапшыруу үчүн Европадагы эң мыкты университеттердин бири – дал ушундай аталыштагы Виго шаарындагы Виго университетинде, Испанияда мүмкүнчүлүк бар.
AДAM университети менен Виго университетинин ортосундагы эки тараптуу алмашуу программасы бардык саякат чыгымдарын, окуу акысын камтыйт жана ай сайын стипендия менен камсыз кылат.
Конкурстук тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
Сиздин эл аралык паспортуңуздун көчүрмөсү;
Англис тилинде (CV) резюме;
Англис тилин билүү сертификаты (деңгээли В2 ден төмөн эмес);
Мотивациялык каты;
Баалар жазылган транскрипт (окуу картасы жана окуу планы университеттин 3 кабаттагы 310 кабинетинен берилет).
Англис тилиндеги 2 сунуштама каты ( бир кат программанын жетекчисинен жана бир кат программанын окутуучусунан)
Документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү – 2025- жылдын 30-апрели.
Кошумча маалымат алуу жана алдын ала катталуу Тышкы байланыштар бөлүмүндө жүргүзүлөт, 3-кабат, 319-кабинет. Телефон: 0312 530541
Шашылыңыз жана мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз!
